Британиянын Орусиядан талабы

Жереми Хант жазуу түрүндө билдирүү жарыялады.

1237457
Британиянын Орусиядан талабы

 

Англиянын тышкы иштер министри Жереми Хант, Орусиядан Малайзия аба жолдоруна таандык МН17 үлгүсүндөгү жүргүнчү учагынын атып түшүрүлүүсүндөгү жоопкерчиликти кабыл алуусун талап кылды.

Жереми Хант "МН17" үлгүсүндөгү учактын атып түшүрүлгөндүгүнүн бешинчи жылында жазуу түрүндө билдирүү жарыялады.

Окуяда 10у англиялык жалпы 298 адамдын каза тапканын эске салган Хант, Эл аралык биргелешкен териштирүү тобу жана Нидерландия органдарынын адилеттик изденүүсүн колдогондорун баса белгиледи.

Ушул алкакта жооптуулардан эсеп суралышын камсыздаш үчүн Гаагада жаза сотунун түзүлүүсүнө 100 миң стерлинг салым кошууну чечкендерин белгилеген Хант: «МН17 үлгүсүндөгү учактын атып түшүрүлгөндүгүнө байланыштуу Австралия жана Нидерландиянын орус өкмөтүнөн "мамлекет катары жоопкерчиликти кабыл алгыла" деген чакырыгына колдоо көрсөтүүнү улантуудабыз»,-деди.

"МН17" үлгүсүндөгү учак 2014-жылдын 17-июлунда 283 жүргүнчү жана экипаждын 15 мүчөсү менен Амстердамдан Кула-Лумпурга аттануу үчүн Украина аба мейкиндигинде бара жатканда Украина-Орусия чек арасына 40 чакырым алыстыкта атып түшүрүлгөн болчу.  

Кырсыкка байланыштуу иликтөө жүргүзүү үчүн Нидерландия, Австралия, Бельгия, Малайзия жана Украинадан жооптуу кызматкерлердин катышуусунда Эл аралык биргелешкен териштирүү тобу түзүлгөн болчу.

Бул топ өткөн жылы "МН17" үлгүсүндөгү жүргүнчү учагынын орус армиясына таандык ракета тарабынан атып түшүрүлгөндүгүн аныктаган эле.



Тектеш кабарлар