Израиль армиясы Рафахка кирди
Израиль армиясы Газанын Рафах аймагына кургактыктан операция баштады жана алгачкы кол салууларда 20 палестиналык каза болду.
Израиль армиясы Газанын Рафах аймагына кургактыктан операция баштады жана алгачкы кол салууларда 20 палестиналык каза болду.
Армиядан берилген маалыматта Рафахтын Египет менен болгон чек кара капкасынын Газа тарабынын колго алынгандыгы жарыяланды.
Билдирүүдө Египеттен болжол менен 3,5 километр алыстыкта жайгашкан капканын Палестина тарабында толук көзөмөлгө алынганы, кол салууда 20 палестиналыктын каза болгондугу белгиленди.
Израилдин Согуш кабинети кечээ кечинде Хамастын Катар менен Египеттин «ок атпоо сунуштарын» жактырганын жарыялаганына карабастан, Газа тилкесинде жер которгон палестиналыктар баш калкалаган Рафахка кол салууларын улантуу чечимин чыгарды.
Израиль учактары менен артиллериясы түнкү сааттарда Рафах шаарынын чыгышын катуу бомбалады. Рафахтын Египет менен чектеш болгон аймактарында аскердик унаалардын кыймылдуулугунун байкалгандыгы билдирилди.
Израиль армиясы бүгүн эрте менен да аймакка кургактыктан кол салуу баштатты.
Армия кечээ эртең менен жасаган билдирүүсүндө күч менен жер которгон палестиналыктар баш калкалаган Рафахтын чыгышындагы кээ бир райондордун эвакуацияланышын талап кылды жана андан кийин көптөгөн палестиналык Рафахтан кача баштады.
Израилдин 7 - октябрдан бери Газа тилкесине жасаган кол салууларында кеминде 14 миң 944 бала, 9 миң 849 аял болгон 34 миң 735 палестиналык каза болуп, 78 миң 108 киши жараланды.
Урандылардын астында дагы эле миңдеген сөөктүн бар экендиги билдирилип, адамдар баш калкалаган ооруканалар жана билим берүү мекемелери бутага алынып жарандык инфраструктура да талкаланууда.
Тектеш кабарлар
Путин Орусия менен Түндүк Кореянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк келишимин жактырды
Бекитилген макулдашуу өлкөнүн Укуктук маалымат системасында жарыяланды.