Леонардо да Винчинин роботун жасашты

Японияда Осака университети Фуджикин фирмасы менен кызматташуу менен келечектин илимпоздорун чыгаруу үчүн италиялык өнөрпоз жана илимпоз Леонардо да Винчинин роботун жасашты.

1227020
Леонардо да Винчинин роботун жасашты

Японияда Осака университети Фуджикин фирмасы менен кызматташуу менен келечектин илимпоздорун чыгаруу үчүн италиялык өнөрпоз жана илимпоз Леонардо да Винчинин роботун жасашты.

Леонардо да Винчинин роботу Оскада өткөн Чоң жыйырмалардын лидерлер саммитине катышкандарга таанытылды.

Фуджикин маркетинг менеджери Куити Накамура Леонардо да Винчинин илимий эмгектерининазыркы күндө да пайдасынын тийгендигин айтты.

Башталгыч мектептин окуучуларына билимди сүйдүрүү, аларга Винчинин эмгектерин өз оозунан жөнөкөй түрдө түшүндүрүү максатында роботту жасашкандарын айткан Накамура : «Ушундайча окуучулардын көңүл ачуу менен толкундануу менен билим алууларына шарт түзүп, ошол эле учурда келечектин илимпоздоруна да билим беребиз»,- деди.

Башталгыч мектептин окуучуларынын бир гана китеп окуу менен билимди толугу менен түшүнө албай тургандыгын белгилеген Накамура окуучулардын роботко болгон кызыгуусунун кубантуучу экендигин, роботтун англис тилинде, япон тилинде жана италиянча сүйлөй алгандыгын билдирди.

Винчинин роботунун бүгүн бир гана белгилүү бир маалыматты кайталайалгандыгын айткан Накамура роботтун адамдардын суроолоруна жооп беришин жана Google менен байланыш курушуна мүмкүнчүлүк түзүшөрүн белгиледи. Накамура кийинки долбоорлорунун Альберт Эйнштейндин роботу болорун айтты.



Тектеш кабарлар