Чоң жыйырмалар саммитинде Путин - Трамп жолугушуусу

Трамп менен Путин эки өлкөнүн ортосундагы карым  - катнаштарды карап чыгышты.

1226886
Чоң жыйырмалар саммитинде Путин - Трамп жолугушуусу

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Орусиянын президенти В. Путин Япониянын Осака шаарында өткөрүлгөн Чоң жыйырмалардын лидерлер саммитинде жолугушту. Жолугушуудан мурда Трамптын тамашалашуусу көңүлдөрдү бурду. Трамп Путинди АКШ шайлоосуна аралашпоо боюнча эскертти.

Ак үйдөн берилген маалыматка караганда саммиттин негизинде жолугушкан Трамп менен Путин эки өлкөнүн ортосундагы карым  - катнаштарды карап чыгышты.

Эки лидер АКШ менен Орусиянын ортосундагы карым  - катнаштардын өнүктүрүлүшүнүн эки өлкөнүн орток пайдасы менен бирге дүйнө өлкөлөрүнө да пайдалуу болору боюнча макулдашышты.

Жолугушууда Иран, Сирия, Венесуэла жана Украинадагы абалдар да каралды. Маалыматта эки лидердин Трамптын андан мурда Кытайдын да кошулушу керектигин айткан 21 -  кылымдын куралдарын текшерүү модели тууралуу сүйлөшүүлөрдү улантуу боюнча макулдашышкандары белгиленди.



Тектеш кабарлар