Азия жана АКШ соодасында тең салмактуулук өзгөрүүдө

АКШ менен Кытайдын ортосунда улантылып жаткан соода согуштары Азия менен АКШнын соода көлөмүндө азаюга себеп болуп, кээ бир Азия өлкөлөрү бул абалды мүмкүнчүлүккө айландырууда.

1221934
Азия жана АКШ соодасында тең салмактуулук өзгөрүүдө

АКШ менен Кытайдын ортосунда улантылып жаткан соода согуштары Азия менен АКШнын соода көлөмүндө азаюга себеп болуп, кээ бир Азия өлкөлөрү бул абалды мүмкүнчүлүккө айландырууда.

АКШнын калкты каттоо бюросунан берилген маалыматка караганда АКШнын Азия континентиндеги сооданын 82, 5 пайызын түзгөн биринчи 10 соода өнөктөшү менен тышкы соода сандарында маанилүү өзгөрүүлөр болду.

АКШнын континент менен соода көлөмү 2019 -  жылдын биринчи 4 айында 2018 -  жылдын ошол эле мезгилине караганда 2, 5 пайызга азайып, Азия өлкөлөрүнүн АКШга берген тышкы соодадагы ашыкчалык да 1,4 пайызга артка кетти.

АКШнын Кытайдан импорттоп алган продукцияларга тариф киргизе башташы менен кээ бир Азия өлкөлөрү, АКШ менен болгон соодасында маанилүү өсүүнү көрсөттү. Бул өлкөлөрдүн башында Түштүк Корея менен Вьетнам турат.

Бул жылдын биринчи 4 айында АКШга берген тышкы соодадагы ашыкчасында Түштүк Кореяда 52, 6 пайыз, Вьетнамда 43, 5 пайыздык өсүү болду.

Январь  -  апрель мезгилинде экспортун 38, 3 пайызы менен эң көп Вьетнам арттырып, Вьетнамдан кийин 17, 11 пайыз менен Түштүк Корея жана 12, 5 пайыз менен Индия келди. Бул өлкөлөрдүн арасында АКШдан импорттоону эң көп арттырган өлкө болсо 17, 5 пайыз менен Индия болду.



Тектеш кабарлар