Трамп менен Си Цзиньпин сүйлөштү

Эки лидер телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

1221016
Трамп менен Си Цзиньпин сүйлөштү

 

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин, эки өлкөнүн ортосундагы соода алакалары каралган телефон сүйлөшүүсүн өткөрдү.

Ак үйдүн жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, сүйлөшүүдө эки лидердин өзгөчө АКШ-Кытай соода алакаларын карап чыккандары, эки өлкөнүн ортосунда адилеттүү жана эки тараптуу экономикалык байланыштардын маанисине көңүл бургандары баса белгиленди.

Кытай менен соода алакаларындагы структуралык маселелер да сүйлөшүлгөндүгү маалымдалган билдирүүдө, Трамп менен Синин аймактык коопсуздук темаларын да талкуулагандары жана Японияда өтө турган Чоң жыйырмалыктын саммитинде жолугушууну каалагандарын айткандары белгиленди.

Эки өлкөнүн ортосундагы соода маселеси уланып жатканда эки тараптуу киргизилген кошумча бажы салыктарынан улам «соода согушу» санаркоосу күчөгөн болчу.

АКШлык жана кытайлык жооптуу кызматтагылардын ортосунда өткөн айда өткөрүлгөн акыркы сүйлөшүүлөрдө так макулдашуу түзүлө алган эмес.

28-29-июнда Япониянын Осака шаарында өтө турган Чоң жыйырмалыктын саммитинде, эки лидердин бажы салыктары жана эки тараптуу сода алакалары темаларын кеңири карап чыгаары күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар