Тажикстанда Азия өлкөлөрүнүн Мамлекет жана өкмөт башчыларынын саммити өттү

Азиядагы өз ара аракеттешүү жана ишеним чаралары боюнча Кеңешменин  (CICA) 5-Мамлекет жана өкмөт башчыларынын саммити Тажикстандын борбор шаары Душанбеде ишке ашты.

1219102
Тажикстанда Азия өлкөлөрүнүн Мамлекет жана өкмөт башчыларынын саммити өттү

Азиядагы өз ара аракеттешүү жана ишеним чаралары боюнча Кеңешменин  (CICA) 5-Мамлекет жана өкмөт башчыларынын саммити Тажикстандын борбор шаары Душанбеде ишке ашты.

Кожоюн өлкө Тажикстандын президенти Имомали Рахман, конок мамлекет жана өкмөт башчылар менен эл аралык уюмдардын башкаруучуларын Нооруз сарайында тосуп алды. Катышуучу өлкөлөрдүн мамлекет жана өкмөт башчылары андан соң үй-бүлө фото сүрөтүнө түшүштү.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Орусиянын президенти Владимир Путин, Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин, Ирандын президенти Хасан Рухани, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев, Казакстандын президенти Касым Жоомарт Токаев, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков, Бангладештин президенти Абдүл Хамид, Шри-Ланканын мамлекет башчысы Маитхрипала Сирисена, Ооганстандын аткаруу кеңешинин төарагсы Абдуллах Абдуллах, Азербайжандын премьер-министри Невруз Меммедов жана Кампучиянын премьер-министри Хун Шен орун алган саммитте Бахрейн, Вьетнам, Египет, Израиль, Индия, Иордания, Ирак, Катар, Түштүк Корея, Монголия, Бириккен Араб Эмирликтери, Пакистан, Палестина, Тайланд, Беларусь Индонезия, АКШ, Филиппин, Малайзия, Украина жана Япониядан жогорку рангадагы жетекчилер менен БУУ, ЕККУ, ШКУ, КМШ жана ТҮРКПА сыяктуу эл аралык мекемелердин өкүлдөрү катышты.

«Дагы коопсуз жана дагы өкүккөн аймактын орток көз карашы» темалуу Душанбе саммитинде Азия материгиндеги саясий, экономикалык, экологиялык жана гуманитардык тармактарда кызматташтык менен жаңы кыйынчылыктар жана коркунучтарга каршы күрөшүү жана ишенимди арттыруучу чаралар каралды.

Саммитте сөз сүйлөгөн Тажикстандын президенти Имомали Рахман, кеңири Азия чөлкөмүнүн бүгүнкү күндө жаңы кыйынчылыктар менен бетме-бет келгенин белгилеп, Тажикстандын СICA процессинде, Азияда тынчтыкты, ырааттуулукту жана коопсуздукту арттыруу, көп тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү жана саясий, экономикалык, экологиялык жана гуманитардык тармактарда ишенимди арттыруучу чараларды ишке ашыруу аракеттерин дагы да илгерилетүүнүн маанисин баса белгиледи.

Рахман, улам күчөгөн террор, радикализм, эл аралык уюшкан кылмыш жана кибердик кылмыштардын себебинен эл аралык жана аймактык коопсуздуктун коркунуч астында калуусу уланганын жана бул коркунучтар менен күрөшүү үчүн бул мүчө өлкөлөрдүн шашылыш түрдө биргелешип иш-аракет кылуулары керектигине басым жасады. Коңшу Ооганстандагы абал санааркоо жаратканынын белгилеген Рахман, ушул алкакта мүчө өлкөлөр менен катар эл аралык коомчулуктун биргелешкен аракетти көрсөтүүсү керектигин жана ушундан улам Ооганстандын аймактык интеграцияда маанилүү роль ойной турганын белгиледи.

Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин, соодадагы араздашуулардын бир беткей мамиле менен эмес кеңешүүгө жана көп тараптуу эрежелерге таянып чечилиши керектигин белгилеп, «Соода карым-катнаштарында келип чыккан маселелерди, эки тараптуу карым-катнаш рухунун ичинде тең диалог жана колдошуу жолу менен эл аралык карым-катнаштардын принциптерине жана көп тараптуу соода эрежелерине таянган теңдик диалогу жана кеңешүү жолу менен ылайыктуу түрдө чечилиши керек»,-деди.

Си айрыкча өлкөсүнүн аймактык түшүнүшпөстүктөрдү тынчтыкчыл жолдор менен чечүү жана чуулгандуу жерлердеги чыңалууларды диалог жолу менен жеңилдетилишин жактаганын белгилеп, өлкөсүнүн ар башка өлкөлөр менен досчо кызматташтыгын күчтөндүрүүсүн улантат, тийиштүү өлкөлөр менен жер жана жээк сууларындагы келишпестиктеринин тынчтыкчыл жолдор менен чечилишин сунуштап, диалог жана колдошуу жолу менен аймактын чуулгандуу жерлериндеги маселелердин чечилишин жактай турганын айтты.

Токаев болсо СICAнын аймактык институтка айландырылышы керектигин жактап, «Жыйналыш бир гана мүчөлөрүн өкүлдүк кылбашы керек, бир эле убакта мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын дагы глобалдык деңгээлде жакташы керек. Муну ишке ашырыш үчүн кадам-кадам толук жабдылган аймактык уюмга айланышы зарыл»,-деп айтты.

Токаев, Азия аймагындагы күчөгөн коопсуздук коркунучтары, идеологиялык, этникалык жана диний чыңалуулардын санааркатуучу болгонун белгилеп, «Бул шарттарда Азиянын коопсуздугунун чечүүчү маселелеринин чечилиши үчүн системалуу жана кеңири иш жүргүзүүгө муктаждыгыбыз бар экенине ишенүүдөбүз»,-деп айтты. Токаев айрыкча шашылыш түрдө эл аралык терроризмге каршы биргелешкен системалуу иш-аракеттердин өнүктүрүлүшү керектигин кошумчалады.

CICA процесси 1992-жылы башталды жана 2002-жылдагы алгачкы саммитке чейин Казакстандын координациясында өнүктү. Алгачкы 8 жыл аралыгында Казакстан төрагалыгын кылган уюмдун 2002 жана 2006-жылдардагы саммиттери да Алматыда уюштурулду.

Уюмдун 2010-жылдагы саммити Стамбулда өттү жана Түркия кезетеги төрагалыкты өткөрүп алды. 2014-жылы Шанхайдагы саммиттен кийин 2014-2018-жылдар аралыгында конференциянын кезектеги төрагалыгын жүргүзгөн Кытай, 2018-жылдын сентябрь айында кезетеги төрагалыкты Тажикстанга өткөргөн.

Учурда 27 мүчөсү болгон уюмда 8 өлкө менен 5 эл аралык уюм да байкоочу статусунда орун алган.

 



Тектеш кабарлар