Польша АКШдан F-35A согуштук учактарын сатып ала турганын жарыялады

Польшанын коргоо министри Мариуш Блащак, бул тууралуу маалыматты социалдык медиа барагынан бөлүштү.

1209968
Польша АКШдан F-35A согуштук учактарын сатып ала турганын жарыялады

Польшанын коргоо министри Мариуш Блащак, АКШдан 32 даана F-35 согуштук учагын сатып алууну каалагандарын жарыялады.

Министр Мариуш Блащак, социалдык медиа барагынан берген маалыматында өлкөсүндөгү  Совет дооруна таандык техникалардын алмаштырылышы керектигин билдирди.

Мариуш Блащак бөлүшүүсүндө, «Америкалык өнөктөштөрүбүзгө тылдык жана билим берүү пакеттери менен кошо 32 даана F-35A  учагын алуу талабыбызды билдирдик»,деп жазды.

Польшанын президенти Анджей Дуда, өткөн жылы АКШнын президенти Дональд Трампка Польшага туруктуу АКШ базасын куруу чакырыгын салган болчу.

Польша айрыкча өткөн жылы Патриот абадан коргонуу системасы үчүн АКШ менен 4 миллиард 750 миллион долларлык келишимге кол койгон.



Тектеш кабарлар