Жеффри: “Президент, СДКнын көптөгөн элементтери менен ПККнын ортосундагы саясий байланыштарын билет”

Америка Кошмо Штаттарынын Сирия боюнча атайын өкүлү Жеймс Жеффри, Өкүлдөр Палатасынын тышкы иштер комиссиясында өткөн “Сирияда Чечүүчү жол изденүүсү; Трамп бийлигинин стратегиясы” аттуу отурумда сөз сүйлөдү.

1206813
Жеффри: “Президент, СДКнын көптөгөн элементтери менен ПККнын ортосундагы саясий байланыштарын билет”

Америка Кошмо Штаттарынын Сирия боюнча атайын өкүлү Жеймс Жеффри: “Президент (Дональд Трамп), Сирия Демократиялык күчтөрүнүн (СДК) көптөгөн элементтери менен ПККнын ортосундагы саясий байланыштарын билет”,- деди.

Жеймс Жеффри, Өкүлдөр Палатасынын тышкы иштер комиссиясында өткөн “Сирияда Чечүүчү жол изденүүсү; Трамп бийлигинин стратегиясы” аттуу отурумда сөз сүйлөдү.

Сириянын түндүгүндөгү коопсуз аймак тууралуу жолугушуулардын алкагында Туркия менен азырынча макулдашуу түзүлбөгөдүгүн белгилеген Жеффри, сүйлөшүүлөрдүн улантылгандыгын билдирди.

Жеффри : “Президент (Дональд Трамп), Сирия Демократиялык күчтөрүнүн (СДК) көптөгөн элементтери менен ПККнын ортосундагы саясий байланыштарын билет. Коопсуз аймактын түзүлүүсү үчүн Түрктөр менен жана жергиликтүү өнөктөштөрүбүз менен иштеп атабыз. Азырынча макулдашуу түзө элекпиз”,- деди.

Сириядагы жарандык согуштан эң көп таасирленген өлкөлөрдүн бири катары аныктаган Түркиянын коркутууларга дуушар болуусу  бүгүнкү күндө да улантылганын билдирген Жеффри , жикчил террордук уюм ПККнын Сириянын түндүк чыгышында же башка бир аймагында кол салуу позициясына өткөн учурунда “Экинчи Кандил Тоосу абалынын” кайталана тургандыгын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар