Кытай менен АКШнын тирешүүсү

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Гынг Шуанг, борбор шаар Пекинде уюштурган кезектеги маалымат жыйынында Кытай тышкы кысымдарга эч качан баш ийбей турганын билдирди.

1200497
Кытай менен АКШнын тирешүүсү

Кытай, АКШнын 200 миллиард доллардык Кытай товарларына койгон бажы тарифин 25 пайызга чыгаруусуна карай чечимине байланыштуу эч качан тышкы кысымга баш ийбей тургандарын жарыялады.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Гынг Шуанг, борбор шаар Пекинде уюштурган кезектеги маалымат жыйынында аты аталган тарифтер тууралуу, «Бир нече ирет бажы тарифтерин арттыруунун эч бир маселени чечпей турганын айттык. Кытай эч качан тышкы кысымга баш ийбейт»,деген серебин салды.

Өлкөсүнүн өзүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргош үчүн чечкиндүүлүгү жана жөндөмдүүлүгү болгонун баса белгилеген Гынг, АКШнын Кытай менен орто жолдо жолугушуусун жана эки тараптуу урмат-сый, теңдиктин негизинде учурдагы санааркоолорун чечүүсүн каалагандарын маалымдады.

АКШ менен Кытайдын ортосундагы «соода согушу» башталгандан бери бир жыл өттү. «Соода согушу» сүйлөшүүлөрүнүн акыркы жыйналышына катышуу үчүн өткөн апта бейшемби күнү АКШга барган Кытайдын вице-президенти Лю Хи, сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпай кайткан болчу.


Этикеткалар: #Кытай , #АКШ

Тектеш кабарлар