В. Зеленский Украина - Орусия карым катнаштарына баа берди

В. Зеленский Орусия менен Крым маселеси жана Донбасс кол салуусунан кийин орток жерлеринин чектүү экендигин жарыялады.

1194491
В. Зеленский Украина  - Орусия карым катнаштарына баа берди

Украинада мурунку жумада өткөрүлгөн президенттик шайлоонун жеңүүчүсү В. Зеленский Орусия менен Крым маселеси жана Донбасс кол салуусунан кийин орток жерлеринин чектүү экендигин жарыялады.

Украинанын жаңы президенти В. Зеленский Орусия менен Украинанын ортосундагы эки тараптуу карым  - катнаштар тууралуу маалымат берди. Зеленский : «Ар бир коштошуудан кийин жакшы күндөр келет, бул так. Узун убакыттан бери Орусия менен Украинанын дагы көп орток жери болушу тууралуу ойлонуп жатам. Крым маселеси жана Донбасс кол салуусунан кийин орток бир гана нерсебиз калат ал да 2 миң 295 километр 400 метр болгон чек арабыз»,- деди.

Орусиянын Украина тарабына таандык аймактардагы бардык текшерүүлөрүнөн баш тартышы керектигин баса белгилеген Зеленский : «Бирок ушундайча Орусия менен орток бир пайдубалды түптөө изденүүсүнө кире алабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар