АКШнын Иранга карата санкциялары

NEW YORK TİMESтын ордуна WASHİNGTON POST болот

1192055
АКШнын Иранга карата санкциялары

АКШнын президенти Дональд Трамп башкаруусу Иранга дагы көп санкция сала турган болсо өлкөсүн жаңы бир согушка жетелеши мүмкүн экендиги белгиленди.

Америка WASHİNGTON POST гезитинде орун алган бир макалада өткөн жылы Ливан Хизбуллахына кеткен фондду токтотуу үчүн Иран нефтисине санкция салып Кытай, Индия, Түркия, Түштүк Корея жана Япония сыяктуу чоң алуучу өлкөлөрдү санкциядан бошоткон Трамп Тегеран башкаруусунун буга үнсүз калышынан күч алып, эми да бул өлкөлөргө Ирандан нефть алууну токтотушу үчүн  кысым баштагандыгы белгиленди.

Макалада Трамп башкаруусунун Израиль жана союздаштарынын атынан аймакта алып барган иштеринен улам Иранды жазаландырууну каалагандыгына көңүл бурулуп : «АКШ башкаруусу Тегеранды атомдук иши тууралуу мурунку президент Барак Обама башкаруусу менен сүйлөшүлгөндөрдөн дагы катуу текшерүү астына алууга аракет кылууда»,- деп айтылды.

Макалада өзгөчө Иранга барган сайын күч алуу менен улантылган санкциялардын АКШ үчүн коркунучтуу бир өлчөмгө келгендигин жакталып, буларга орун берилди : «Бул провакациялык  санкциялар Иранды кайрадан чоң өлчөмдө уранды байытууга жана АКШнын жооп беришин мажбур кылган америкалыктарга ыктымалдуу бир кол салууга жол ачышы мүмкүн. АКШнын президент Трамп тоскоол болууга аракет кылгандыгын айткан нерсе жаңы Жакынкы Чыгыш согушуна түртүшү мүмкүн».

Тегеран башкаруусунун санкцияларга каршы биринчи этапта Трамптын кайрадан шайланбай тургандыгы үмүтү менен келерки 18 ай күтүүнү тандай аларына көңүл бурулган макалада Трамптын бул кол салууларды көрбөстүккө салуу же жооп берүү менен жаңы бир согуштун башталышынын арасында тандоого мажбур болору ортого салынды.

Макалада бири бирин сынга алуу ыктымалдуу экендиги  бирок Трамп башкаруусунун чыгышы мүмкүн болгон аскердик бир кагылышууга ыктымал бербегендиги белгиленди.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар