Нигериядагы жугуштуу оорулар

Нигерияда  жугуштуу оорулардан  январь айынан бери 156 киши каза болду.

1185959
Нигериядагы жугуштуу оорулар

 Нигерияда  жугуштуу оорулардан  январь айынан бери 156 киши каза болду.

Нигерия ооруларды текшерүү борборунан берилген маалыматка караганда 4 айга жакын убакытта ласса ысытмасы, холера, мененгит жана ич өткөк сыяктуу оорулардан 156 киши каза болду.

Өлкөнүн түндүгүндөгү Замфара аймагы жугуштуу оорулардан эң көп өлүм катнашына ээ болуп, бул аймактан кийин Бенуе, Квара, Риверс жана Гомбе аймактары келди.

Жугуштуу оорулардын арасында ласса ысытмасы эң көп өлүмгө себеп болгон оору болду. Өлкөнүн 21 аймагында чыккан ласса ысытмасынан улам 4 айда 110 киши каза болду.

Нигерияда жүздөгөн киши холера, балдар шалы, ысытма, ич өткөк жана маймыл чечек вирусу сыяктуу оорулардан улам каза болууда. Өлкөдө таза суу муктаждыгынын камсыз кылына албашы жана медициналык кийлигишүүнүн жетиштүү болбошу оорулардын жана өлүм катнаштарын арттырган себептердин башында турат.



Тектеш кабарлар