Брентон Таррант 50 башка кылмыш менен соттолот

Жаңы Зеландиянын Крайстчерч шаарындагы Нур жана Линвуд мечиттерине 15 -  март жума күнү жасалган террордук кол салууларда араларында балдар жана аялдар болгон 50 киши каза болуп, 50 киши жараланган.

1176896
Брентон Таррант 50 башка кылмыш менен соттолот

Жаңы Зеландиянын Крайстчер шаарындагы Нур жана Линвуд мечиттеринде 50 кишини өлтүргөн, 50 кишини жаралаган террорист Брентон Тарранттын 50 башка кылмыштан жана 39 жолу да кылмышка аралашуудан соттолору билдирилди.

Жаңы Зеландия полициясынан берилген жазуу түрүндөгү маалымтта 5 – апрель жума күнү Крайстчерч жогорку сотунда өткөрүлүшү күтүлгөн сот отурумунда террордук кол салуудан камалган кишинин 50 кылмыш жана 39 кылмышка киришүү менен өз өзүнчө айыпталары билдирилди.

Өлкөнүн коопсуздугу абдан жогору болгон Окленд абагындагы бир кишилик клеткада кармалган террорист Брентон Тарранттын эртеңки сот отурумуна камера  байланышы менен катышышы күтүлүүдө.

Бир тараптан соттук отурумунда медиа кызматкерлери залга кире алат бирок үн, көрүнүш жана фотографияга тартуу тууралуу 12 медиа мекемесинин кайрылуусу сот тарабынан четке кагылды.

Жаңы Зеландиянын Крайстчерч шаарындагы Нур жана Линвуд мечиттерине 15 -  март жума күнү жасалган террордук кол салууларда араларында балдар жана аялдар болгон 50 киши каза болуп, 50 киши жараланган.



Тектеш кабарлар