Трамп - Столтенберг жолугушуусу

АКШнын президенти Дональд Трамп НАТО өлкөлөрүнүн дагы көп жоопкерчилик алышы керектигин жактады.

1176509
Трамп  - Столтенберг жолугушуусу

АКШнын президенти Дональд Трамп НАТО өлкөлөрүнүн дагы көп жоопкерчилик алышы керектигин жактады.

Трамп менен НАТОнун башкы катчысы  Йенс Столтенберг Ак үйдө өткөргөн жолугушуудан кийин биргелешкен пресс – жыйын өткөрүштү. Трамп кызматка келгенден бери НАТО менен карым  - катнашта көптөгөн жолдун басылып өтүлгөндүгүн белгиледи.

НАТО өлкөлөрүнө карата андан мурда да берген маалыматтарын кайталаган Трамп өлкөлөрдүн дагы көп жоопкерчилик алышы керектигин баса белгиледи. Бул тууралуу өзү жасаган кысымдардын натыйжасында мүчө өлкөлөрдүн НАТОго 10 миллиарддаган доллар жардам бергендигин айтты.

Трамп : «Кызматка келгенимден бери бул сан абдан ылдам түрдө өсүүдө, 140 миллиард доллар кошумча акча чогулттук жана 2020 – жылга чейин 100 миллиард доллар дагы чогултабыз»,- деди.

Трамп НАТО өлкөлөрүнүн арасында  өзгөчө Германияны белгилеп, Ангела Меркелдин жетеринче жоопкерчилик албагандыгын ортого салды.

Столтенберг да НАТО менен болгон күчтүү байланыш жана маселелердин чечилишинде көрсөткөн лидерлигинен улам Трампка ыракмат айтты.



Тектеш кабарлар