Асад режими Идлибге кол салды

Кол салууда бир киши каза болду.

1176514
Асад режими Идлибге кол салды

 Сирияда Башар Асад режими күчтөрүнүн «Идлибде араздашууну азайтуу аймагы» чектеринин ичиндеги жарандык отурукташуу жерлерине жасаган кол салууларда бир киши каза болду.

Режимдин армиясы менен Иран колдогон чет элдик террордук топтордон турган режим күчтөрү «Идлибде араздашууну азайтуу аймагы» чектеринин ичинде Хаманын түндүк элетинде Кефер Зита жана Латамне райондору менен Габо түздүгүндөгү Ел Хаваш айылына жана Идлибдин түштүгүнө Абидин менен Кассабиййе айылына түштөн кийин катуу артиллериялык кол салуу жасады.

Жарандык коргоо булактарынан алынган маалыматка караганда бир жаран каза болуп, эки жаран жараланды.

Жарандык коргоо топтору уранды астынан изилдөө –куткаруу иштерин улантууда.

Оппозициячылдарга таандык байкоо үйүнөн алынган маалыматка ылайык Орусиянын аскердик учактары да Идлибдин Жебел  - и Завийе районунун элетиндеги Эйүб Пайгамбар дөңсөөсүнө абадан кол салды. Бул кол салууда каза болгон же жаралангандар болгон жок.



Тектеш кабарлар