Йеменде балдарды куралдуу кагылышуулардан коргоо тууралуу келишим түзүлдү

Келерки айдан баштап балдардын реаблитациясы үчүн эл аралык демилге башталат.

1175567
Йеменде балдарды куралдуу кагылышуулардан коргоо тууралуу келишим түзүлдү

Сауд Арабиянын жол башчылыгындагы коалиция күчтөрү БУУ менен Йеменде балдарды куралдуу кагылышуулардан коргоо тууралуу келишим түзүшкөндөрүн жарыялады.

Сауд Арабиянын расмий маалымат агенттиги  SPAда орун алган кабарга караганда борбор шаар Риядда коалицияга караштуу Орток Күчтөр Командирлиги менен БУУнун башкы катчысынын куралдуу кагылышууларда балдар тууралуу атайын өкүлү Виргиниа Гамбанын ортосунда Йемендеги балдардын дагы күчтүү түрдө коргоо алынышы үчүн келишимге кол коюлду.

Келерки айдан баштап балдардын реаблитациясы үчүн эл аралык демилге башталат.

Йеменде хусилер тарабынан 24 миң баланын кагылышууларда колдонулгандыгы жана кагылышуу аймактарында да абалдын улантылгандыгы белгиленди.

Узун убакыттан бери саясий ыраатсыздык болуп жаткан Йеменде хусилер менен өкмөткө караштуу күчтөрдүн арасында кагылышуулар болууда.

Хусилер 2014 -  жылдын сентябрь айынан бери борбор шаар Сана жана кээ бир аймактардын текшерүүсүн колго алып Сауд Арабиянын жол башчылыгындагы коалиция күчтөрү болсо 2015 -  жылы марттан бери хусилерге каршы Йемен өкмөтүнө колдоо берүүдө.



Тектеш кабарлар