В. Путин Нетаньяху менен Жакынкы Чыгыш тууралуу сүйлөштү
Өткөн айда жогорку мартабалуу бир израилдик жетекчи Израилдин премьер - министри Беньямин Нетаньяхунун «Сирия кризисинин чечилиши» үчүн Орусиянын президенти В. Путинге план сунуштагандыгын ортого салган.
1175039
Орусиянын президенти В. Путин Израилдин премьер - министри Беньямин Нетаньяху менен Жакынкы Чыгыштагы абал тууралуу сүйлөштү. Кремлдин басма сөз кызматынан берилген маалыматка караганда Путин Нетаньяху менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Маалыматта : «Эки өлкөнүн ортосунда аскердик темалар жана эки тараптуу кызматташуу тууралуу актуалдуу темалар, Жакынкы Чыгыштагы абал каралды»,- деп билдирилди.
Өткөн айда жогорку мартабалуу бир израилдик жетекчи Израилдин премьер - министри Беньямин Нетаньяхунун «Сирия кризисинин чечилиши» үчүн Орусиянын президенти В. Путинге план сунуштагандыгын ортого салган.
Кремль болсо Нетаньяхунун Путинге мындай бир план сунуш кылгандыгын четке каккан.