НАТОнун баш катчысынын кызмат мөөнөтү узартылды

Шериктештикке мүчө өлкөлөр, баш катчы Йенс Столтенбергдин кызмат мөөнөтүн 2022-жылдын 30-сентябрына дейре узартуу чечимин чыгарышты.

1172740
НАТОнун баш катчысынын кызмат мөөнөтү узартылды

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергдин кызмат мөөнөтү 2022-жылга дейре узартылды.

Шериктештикке мүчө өлкөлөр, баш катчы Йенс Столтенбергдин кызмат мөөнөтүн 2022-жылдын 30-сентябрына дейре узартуу чечимин чыгарышты.

НАТОнун жазуу түрүндөгү жарыясында Столтенбергдин 2020-жылдын 30-сентябрында бүтүшү көздөлгөн кызмат мөөнөтүн  шериктештер чыгарган чечими менен 2022-жылга чейин узартканы билдирилди.

Анда сөздөрүнө орун берилген Столтенбергдин НАТО шериктештеринин кызмат мөөнөтүн узартуу боюнча чыгарган чечимине сыймыктанганын белгилеп, «Эң чоң коопсуздук сыноолоруна туш келген бул мезгилде НАТОну заманбапташтыруу темасында шериктештер менен иштешүүнү чыдамсыздык менен күтүүдөмүн»,деген серебин салды.

Экинчи ирет кызмат мөөнөтү узартылган Столтенберг, 2014-жылы 1-октябрда Андерс Фог Расмуссендин ордуна бул кызматка келген. НАТОнун шериктештери 2017-жылы шериктештиктин норвегиялык алгачкы баш катчысы болгон Столтенбергдин кызмат мөөнөтүн узартуу чечимин чыгарган.

НАТОнун 13-баш катчысы болгон Столтенберг, 2000-2001 жана 2005 менен 2013-жылы өлкөсү Норвегияда премьер-министрлик кызматын аркалаган болчу.



Тектеш кабарлар