Трамп: «Орусия Венесуэладан чыгышы керек»

АКШнын президенти Трамп, январь айында Венесуэлада өзүн мамлекет башчы деп жарыялаган Хуан Гуайдонун жубайы Фабиана Росалес де Гуайдону Ак үйдө кабыл алган жолугушууда медиа мүчөлөрүнө маалымат берди.

1172161
Трамп: «Орусия Венесуэладан чыгышы керек»

АКШнын президенти Дональд Трамп: «Орусия Венесуэладан чыгышы керек»,-деди.

Венесуэла темасында бардык альтернативалардын үстөлдө болгонун айткан Дональд Трамп, Москваны алгач ирет түздөн-түз бутага алып: «Орусия Венесуэладан чыгышы керек»,-деп айтты.

АКШнын президенти Трамп, январь айында Венесуэлада өзүн мамлекет башчы деп жарыялаган Хуан Гуайдонун жубайы Фабиана Росалес де Гуайдону Ак үйдө кабыл алган жолугушууда медиа мүчөлөрүнө маалымат берди.

Хуан Гуайдо жана командасын акырына дейре колдой тургандарына басым жасаган Трамп, Гуайдонун жубайына кайрылып, «АКШ катары сиз менен, Венесуэла калкы менен жана Гуайдо менен жүз пайыз биргебиз. Венесуэлада болгондор эч болбошу керек эле. Бирок булар оңдолот»,деген серебин салды.

Венесуэланын чындыгында абдан бай жана булактары абдан көп өлкө болгонун белгилеген Трамп, өлкөдөгү учурдагы маселелердин булактарынын президент Николас Мадуро башкаруучулугу экенин жактады.

Трамп, Орусиянын Венесуэладагы иш-аракетине карай суроого, «Орусия Венесуэладан чыгышы керек»,-деп жооп берди.

Трамп, Москва менен бул темада байланышта болуп болбогону суроосуна болсо, «Бардыгын билишет»,-деп жооп берди.

Мадуро башкаручулугунун колунда күчтүү элементтер жок экенин айткан Трамп: «Армиядан тышкары алар ээ болгон дагы чоң кысым көрсөтүүчү элемент жок. Адамдар ачкадан өлүүдө жана Мадуро бийлиги жардамдарды кабыл албай жатат. Венесуэла темасында бардык альтернативалар үстөлдө»,-деп сереп салды.

Гуайдонун жубайы Росалес болсо, өлкөсүндөгү абалдын оңдолушу үчүн АКШдан жана Трамптан жардам сурагандарына басым жасап, бүгүнкү күнгө дейре болгон жардамдары үчүн Трамп башкаруучулугуна ырахматын айтты.

Венесуэланын улуттук басма сөзүндө орун алган маалыматка караганда 24-мартта Орусиянын Коргоо министрлигине караштуу бир аскердик жүк ташуучу учагы менен бир реактивдин борбор шаар Каракастын түндүгүндөгү Маикветиа эл аралык «Симон Боливар» аэропортуна конгону, 100дөн ашуун орус аскери менен 35 тонна медициналык материалдын келгени маалымдалды.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиинин басма сөз катчысы Мария Захарова, Венесуэлага барган Орусиянын аскердик адистеринин эки өлкөнүн ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтыкка карай келишимдин негизинде ал өлкөгө баргандарын билдирди.



Тектеш кабарлар