Түндүк кореялык кызматкерлер байланыш бюросуна кайтып келди

Түндүк Корея Түштүк Корея менен биргеликте жүргүзгөн байланыш бюросунда жума күнү чыгарган кызматкерлердин бир бөлүгүн кайрадан жиберди.

1170311
Түндүк кореялык кызматкерлер байланыш бюросуна кайтып келди

Түндүк Корея Түштүк Корея менен биргеликте жүргүзгөн байланыш бюросунда жума күнү чыгарган кызматкерлердин бир бөлүгүн кайрадан жиберди.

Йонхаптан берилген кабарга караганда Түштүк Кореянын Биригүү министрлиги Түндүк Кореянын чек ара шаары Каесонгдагы биргелешкен байланыш бюросундагы кызматкерлерин жума күнү чыгаргандан кийин бүгүн бир бөлүгүн кайрадан жибергендигин билдирди.

Министрликтен жетекчилер түндүк кореялык кызматкерлердин эрте менен офиске барышкандарын жана ишин аткаргандыгын белгилешти.

Түндүк Кореянын кызматкерлерин жума күнү чыгаргандыгы тууралуу эч бир маалымат берилбегендиги билдирилди. Түштүк Корея менен Түндүк Корея сентябрь айында чек ара шаары Каесонгда биргелешкен байланыш бюросун ачкан.

Түштүк кореялык депутаттар жана ишкерлер жана эки тараптан 50дөн киши катышкан Каесонгдогу аземде Түштүк Корея Биригүү министри Чо Миоунг Гион : «Байланыш бюросунун ачылышы менен Түндүк жана Түштүк эми тараптар 365 күн байланыш курала ала турган система менен камсыздалды»,- деген.



Тектеш кабарлар