Орусиянын премьер - министри Түрк Агымынын Болгариядан өтүшү үчүн кепилдик алуу керектигин айтты

Болгария 2014 -  жылы Европа Комиссиясынын өтүнүчү менен Түштүк Агым жаратылыш газ түтүк жолу долбоорунан чыккан.

1156665
Орусиянын премьер  - министри Түрк Агымынын Болгариядан өтүшү үчүн кепилдик алуу керектигин айтты

Орусиянын премьер  - министри Дмитрий Медведев Түрк Агымынын Болгариядан өтүшү үчүн Софиянын Европа Биримдигинен долбоордун токтотулбай тургандыгына байланыштуу кепилдик алышы керектигин айтты.

Спутник маалымат агенттигинин кабарына караганда Болгарияда чыккан «Труд» гезитине маек берген Медведев Түрк Агымы долбоорунун Болгария, Сербия жана Венгриядан өтүү ыктымалы тууралуу иштешкендерин айтты. Болгариянын жакынкы убакта газ өткөрүү системасынын өнүгүшүнө карата бир инвестиция чечимин чыгаргандыгын белгилеген Медведев Түрк агымы тууралуу буларды айтты : «Курулуш иштеринин башталышы үчүн жол ачык. Бирок бул сыяктуу ири жана кымбат бир долбоор үчүн кошумча кепилдиктер керек. Жаңы түтүк жолу Түштүк Агымындай болбошу керек.  Түрк Агымынын Болгариядан өткөрүлүшү, Софиянын Европа Биримдигинен бул түтүк жолу менен газ өткөрүү пландарына тоскоол болуп же болбой тургандыгына байланыштуу бекем кепил алышына байланыштуу».

Медведев Түрк Агымынын кайдан узартыларына байланыштуу жолдун эң көп газ өткөрүү базистеринин даярдыгына бул өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн долбоор менен канчалык алектенгендерине жана так кадам таштоолоруна байланыштуу экендигин баса белгиледи.

Медведев : «Газ алууда өлкөлөрүбүздүн ортосунда кызматташуунун түзүлүшү Болгариянын жана Европанын да...»,- деди.

Болгария 2014 -  жылы Европа Комиссиясынын өтүнүчү менен Түштүк Агым жаратылыш газ түтүк жолу долбоорунан чыккан.



Тектеш кабарлар