Кашмирде Индиянын тик учары кырсыкка учурады
Кырсыкта тик учардагы жети киши каза тапты.
1154272
Индиянын текшерүүсү астындагы Жамму Кашмир аймагында Индияга таандык бир аскердик тик учардын кырсыкка учурашы менен жети киши каза тапты.
Индия басма сөзү жогорку мартабалуу коргоо жетекчилерине таянып берген маалыматка караганда Жамму Кашмирде бүгүн эрте менен Индияга таандык МИ – 17 моделиндеги аскердик тик учар кырсыкка учурады.
Жетекчилер окуяда алты аба күчтөрү кызматкери жана бир жарандын каза болгондугун билдирди.
Тик учардын кырсыкка учуроо себебине байланыштуу эч бир маалымат берилген жок.