НАТОнун деңиздеги машыгуусу башталды

Италиянын Деңиз күчтөрүнүн кожоюндугунда ишке ашкан машыгууда НАТОго мүчө Түркия, Канада, Франция, Германия, Греция, Италия, Нидерландия, Испания, Англия жана АКШдан 3 миңдан ашуун деңизчи жана авиация кызматкери катышууда.

1152598
НАТОнун деңиздеги машыгуусу башталды

НАТОнун суу астынан сүзүүчү кемелерге каршы аба, суу үстү жана суу астындагы кызматташтыкты күчтөндүрүү жана билим берүүнү камсыздоо максатында жүргүзгөн «Динамикалык Манта-2019» машыгуусу кечээ башталды.

Италиянын Деңиз күчтөрүнүн кожоюндугунда ишке ашкан машыгууда НАТОго мүчө Түркия, Канада, Франция, Германия, Греция, Италия, Нидерландия, Испания, Англия жана АКШдан 3 миңдан ашуун деңизчи жана авиация кызматкери катышууда.

Шериктеш өлкөлөрдүн деңиз күчтөрүнө таандык 24 бөлүктөн турган сүзүүчү, учуучу жана чумкууучу элементтердин да машыгууга катышуусу көздөлүүдө.

Катышуучулар, чыныгы сценарий менен Италиянын Сицилия жээгинде улуттук жана эл аралык сууларда НАТО чек араларын коркунучка салган деңиз астынан сүзүүчү кемелерге каршы аба, суу үстү жана суу астындагы кызматташтыкты өнүктүрөт.

Машыгуу бир эле убакта Жер Ортолук деңиз, Эгей жана Кара деңизде аймак өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, деңиз коопсуздугун камсыздоо, биргелешкен деңиз билим берүүлөрүн ишке ашыруу жана НАТОнун аскердик күчүн көрсөтүүнү максаттайт.

НАТО машыгууларына эң көп колдоо көрсөткөн деңиз күчтөрүнүн арасында орун алган Түркия, «Динамикалык Манта-2019» машыгуусунда күчүн сездирүүдө.

Түрк деңиз күчтөрү машыгууга Гелиболу фрегаты, Гүр суу астынан сүзүүчү кемеси жана Деңиз күзөт учагы (P-235) менен катышууда.

Машыгуу 8-мартка чейин уланат.


Этикеткалар: #НАТОнун , #машыгуу , #Түркия

Тектеш кабарлар