Индияда жасалма ичкиликтен 150 киши каза тапты

Индиянын түндүк-чыгышында жасалма ичкиликтен каза тапкандардын саны 150гө жетти.

1151390
Индияда жасалма ичкиликтен 150 киши каза тапты

Индиянын түндүк-чыгышында жасалма ичкиликтен каза тапкандардын саны 150гө жетти.

Полиция кызматкерлери Ассам провинциясына караштуу Гоагхат жана Жорхат аймактарында жасалма ичкиликтен дагы 66 кишинин көз жумушу менен каза болгондордун санынын 150гө жеткенин белгиледи.

Провинциянын саламаттык сактоо министри Химанта Бисва Шарма, аты аталган эки жерде жасалма ичкилик ичкен 200 чакты кишинин да дарыланып жатканын жана айрымдарынын абалдарынын болсо оор экенин жарыялаган.

Өкмөттүн өкүлү Жули Соновал, каза болгондордон көбүнүн чай талааларында иштеген жумушчулар болгонун, жасалма ичкилик жасоо боюнча жооптуу кармалган 9 шектүүнүн камакка алынганын жарыялаган.

Уттар Прадеш жана Уттаракханд провинциясында үстүбүздөгү айда жасалма ичкилик ичкен  99 киши каза болгон.



Тектеш кабарлар