Нигерияда кол салуу

Батыш Африка өлкөсү Нигерияда жасалган куралдуу кол салууда 17 киши каза болду.

1149706
Нигерияда кол салуу

Батыш Африка өлкөсү Нигерияда жасалган куралдуу кол салууда 17 киши каза болду. Бенуэ аймагынын катчысы Итервер Акасе Агату аймагында ким экени белгисиз кишилер тарабынан жасалган кол салууда 17 кишинин каза болгондугун, көп сандаган кишинин жаралангандыгын белгиледи.

Жаралуулардын дарыланууга алынгандыгын айткан Акасе окуя тууралуу териштирүүнүн башталыгандыгын билдирди.

Аймакта кээ кээде чабандар менен дыйкандардын арасындагы катуу кагылышуулар болууда.

Малдарын оттотуу үчүн өлкөнүн түштүгүнө көчкөн фуланилер дыйкандардын малдарын уурдоого аракет кылып өздөрүнө кол салгандыгын айтышууда.

Фулани чабандарынын христиандар көп жашаган түштүк аймактарда 18 -  кылымдагы ислам ааламы Шейх Осман Дан Фодионун окууларын жайылтууга аракет кылышкандары ортого салынууда.



Тектеш кабарлар