Көз карандысыз бир өлкөгө кийлигишүү БУУ белгилеген критерийлерге терс түшөт
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Замбиянын тышкы иштер министри Жо Маланджи,Москвадагы жолугушууларынан кийин бирглеше маалымат жыйын өткөрдү.
![Көз карандысыз бир өлкөгө кийлигишүү БУУ белгилеген критерийлерге терс түшөт](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/4f05/cc12/2f4a/5c6e440ef232b.jpg?time=1718891107)
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, АКШнын Венесуэлага аскердик кийлигишүү коркутууларына токтолуп, «Көз карандысыз бир өлкөгө кийлигишүү БУУ белгилеген критерийлерге терс түшөт»,-деди.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Замбиянын тышкы иштер министри Жо Маланджи, эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык карым-катнаштардын түзүлүүсүнүн 55-жылдыгынын алкагында Москвадагы жолугушууларынан кийин биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.
Журналисттердин суроолору боюнча Венесуэладагы абалга санааркаганнын белгилеген Лавров: «АКШнын аскердик кийлигишүү коркутууларын Венесуэлада оппозиция колдоого алууда. Көз карандысыз бир өлкөгө кийлигишүү БУУ белгилеген критерийлерге терс түшөт»,-деди.
Лавров, Венесуэладагы маселенин диалог жолу менен чечилиши керектигин белгиледи.
Замбиянын тышкы иштер министри Жо Маланджи, жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык карым-катнаштар каралганын айтты.
Тектеш кабарлар
![Израилдин кол салууларынан улам 37 миң 431 палестиналык каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/ee48/7e22/90ad/6674097c827d2.jpg?time=1718891107)
Израилдин кол салууларынан улам 37 миң 431 палестиналык каза болду
Израиль армиясынын Газа тилкесиндеги кыргындары 258 күндөн бери уланууда.