Жаңы Зеландиядан венесуэлалыктарга гуманитардык жардам

Венесуэладагы адам укуктарынын бузулушуна каршы экендерин баса белгилеген Питерс жалпы шайлоо чакырууларына да колдоо беришкендерин сөздөрүнө кошту.

1148313
Жаңы Зеландиядан венесуэлалыктарга  гуманитардык жардам

Жаңы Зеландиянын тышкы иштер министри Уинстон Питерс өлкөсүндөгү начарлаган абалдан улам коңшу өлкөлөргө качкан венесуэлалыктарга жеткирүү үчүн 500 миң долларлык гуманитардык жардам беришерин жарыялады.

Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтынан расмий маалымат берген Уинстон Питерс венесуэлалык качкындардын негизги муктаждыктарын камсыздоого карата 500 миң долларлык гуманитардык жардамдын БУУнун Жогорку Комиссарлыгынын арачылыгы менен жеткирилерин билдирди.

Жардамдын өткөн жылдын акырында Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму жана ЮНИСЕФтин арачылыгы менен берилген 145 миң долларлык жардамдын уландысы экендигин эске салган Питерс : «Жаңы Зеландия Венесуэла калкы жана башынан өткөрүп жаткан начарлаган абалдан тынчсызданууда. Үч миллиондон ашуун венесуэлалык коңшу өлкөлөргө качты жана бул да аймакка абдан чоң кысым жасады»,- деди.

Венесуэладагы адам укуктарынын бузулушуна каршы экендерин баса белгилеген Питерс жалпы шайлоо чакырууларына да колдоо беришкендерин сөздөрүнө кошту.



Тектеш кабарлар