Трампты кызматтан алуу аракеттери

Дональд Трамтын билдирүүсү, мурдагы FBIдын төрага орун басары Эндрю МакКейбдин Американын CBS телеканалына берген маалымдоолорунан кийин болду.

1148130
Трампты кызматтан алуу аракеттери

АКШнын президенти Дональд Трамп, FBI жана Адилет министрлигинин жооптуу кызматкерлеринин өзүн кызматтан алууга карай сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү жөнүндөгү айтымдарга социалдык медиа каражатынан, «Мыйзамсыз жана мыкчаачылык мамиле»,-деп жооп берди.

Дональд Трамп, Твиттер барагынан берген билдирүүсүндө, Американын Fox News каналында программа алып барган Дэн Бонгинонун бул сөздөрүн бөлүштү; «Бул, АКШнын президентине карай мыйзамсыз төңкөрүш аракети болчу». Дональд Трамп, бул сөздөрдүн акырына жазган «Туура» кошумчасы менен өзүнө каршы төңкөрүш аракети жасалганынын белгилерин ырастаган болду.

Дональд Трамтын билдирүүсү, мурдагы FBIдын төрага орун басары Эндрю МакКейбдин Американын CBS телеканалына берген маалымдоолорунан кийин болду.

Эндрю МакКейб, адилет министринин орун басары Род Розенштейндин 2017-жылы өзү менен, «Трамптын кызматты аткарууга жетиштүү болбогонуна тыянак чыкса кызматтан алынышын камсыздай турган» конституциянын бир беренеси туурасында айрым кабинет мүчөлөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн айткан.Эндрю МакКейб: «(АКШнын Конституциясынын 2-беренсинде 1967-жылы жасалган) 25-өзгөртүү тууралуу сүйлөшүүлөрүндө Род мени менен берки кабинет мүчөлөрүнүн канчасынын ушундай түрдөгү аракетти колдоп же колдобой турганын сүйлөштү»,-деди.

Род Розенштейн болсо өзүнө багытталган айыптоолорду четке какты жана аты аталган берененин процесске киргизилиши үчүн «негиз жок» экенин айтты.

Бул учурда, АКШ Сенатынын Адилет комиссиясынын башчысы Республикачыл сенатор Линдси Грэхем,

Трамптын кызматтан алынышы үчүн ташталган айтымдар туурасында териштирүү баштай тургандарын айтты.



Тектеш кабарлар