Улуу Британиянын парламенти дагы бир жолу четке какты

Бул премьер-министр Тереза Мэйдин экинчи жеңилүүсү болду.

1145762
Улуу Британиянын парламенти дагы бир жолу четке какты

Улуу Британиянын парламенти, өлкөнүн Европа Биримдигинен чыгуу (Брексит) процессин жана Евробиримдик менен түзүлгөн келишимди кайрадан сүйлөшүү аракетин колдогон сунушту четке какты.

Парламенттин төмөнкү канаты Жамааттар палатасында аты аталган сунуш 258 каршы, 303 макул добушу менен четке кагылды.

Бул премьер-министр Тереза Мэйдин, Брексит келишими 15-январда 202 каршы, 432 макул добушу менен четке кагылышынан кийинки экинчи жеңилүүсү болду.

Мэй Европа Биримдиги менен түзгөн келишимдин четке кагылышына себеп болгон Түндүк Ирландия чек арасына байланыштуу «чара көрүү беренесин» ЕВ менен кайрадан сүйлөшүүгө аракет кылып жаткан.



Тектеш кабарлар