Мюнхенде коопсуздук конференциясы башталууда

Конференциянын күн тартибинде орчундуу темалар бар.

1146039
Мюнхенде коопсуздук конференциясы башталууда

Дүйнөнүн эң маанилүү саясий платформаларынан Мюнхен Коопсуздук конференциясы (MSC 2019) бүгүн башталат.

Түркияны улуттук коргоо министри Хулиси Акар өкүлдүк кыла турган жана 17-февралга чейин улана турган конференция Германиянын Мюнхен шаарында өткөрүлөт.

Конференциянын күн тартибинде өзгөчө Брексит, Европада күчөгөн улутчулдук, Европа Биримдигинин өзүн коргоосу, Трансатлантика кызматташтыгы жана Дүйнөдөгү чоң күчтөрдүн атаандаштыгынын жаңы мезгили жана ыктымалдуу таасирлери» орун алууда.

Саясат, экономика, аскердик жана чалгындоо тармактарынын жогорку деңгээлдеги өкүлдөрүн жолугуштурган конференцияга быйыл 35 өкмөт жана мамлекет башчы менен 50дөн ашуун тышкы иштер министри, 30 коргоо министринин катышуусу күтүлүүдө.

Арасында дүйнөлүк деңгээлде иш алып барган ишканалардын жетекчилери, академиктер жана жарандык коомдук уюмдун өкүлдөрү да болгон миңден ашуун конок да быйыл 55чиси өтө турган конференциянын катышуучуларынын арасында орун алат.

MSC-2019да Евробиримдиктин коопсуздук саясатынын келечеги, Орусия, Украина, Жакынкы Чыгыш жана Кытай менен тиешеси бар темалар жана климаттык өзгөрүүнүн коопсуздукка карата таасирлери талкууланмакчы.



Тектеш кабарлар