Сауд Арабияда биринчи япон банкы ачылды

Сауд Арабияда 12 жергиликтүү, 13 чет элдик банк бар.

1142797
Сауд Арабияда биринчи япон банкы ачылды

 Сауд Арабияда биринчи япон банкы Сумитомо Митсуи ачылды.

Сауд Арабиянын маалымат агенттиги СПАнын кабарына караганда Сумитомо Митсуи өлкөдөгү биринчи филиалын борбор шаар Риядда ачты. Филиалдын ачылышына катышкан Япониянын Рияд элчиси Цукаса Унмура Сумитомо банкынын дүйнөнүн эң ири банктарынын арасында орун алгандыгын жана финансысы тууралуу абдан чоң тажрыйбага ээ экендигин айтты.

Уемура ачылган бул биринчи филиал менен өлкөгө дагы көп япон инвестордун келишинен үмүт кылгандыгын белгиледи.

Сауд Арабия 2014 -  жылы нефть бааларынын төмөндөшү менен өлкөгө жаңы инвестицияларды тартуу максатында чет элдик банктардын филиалдарынын ачылышы үчүн керектүү мүмкүнчүлүктөрдү түзүү багытында кадамдарды таштады.

Сауд Арабияда 12 жергиликтүү, 13 чет элдик банк бар.



Тектеш кабарлар