Эрбилде Сирияда тынчтык үчүн жолугушуу...

Ирактын Эрбил шаарында ИКАБдын мурдагы башчысы Месут Барзани менен Сириялык оппозициячылдар түзгөн Сүйлөшүү боюнча жогорку комитеттин жетекчиси Насыр Харири жолукту.

1137694
Эрбилде Сирияда тынчтык үчүн жолугушуу...

Ирактын күрт аймактык башкаруусунун (ИКАБ) мурдагы башчысы Месут Барзани менен Сириялык оппозициячылдар түзгөн Сүйлөшүү боюнча жогорку комитеттин жетекчиси Насыр Харири Эрбилде жолугушуу өткөрдү. 

Жолугушууда Сириядагы акыркы абал менен АКШ чегингенден кийинкисинин кандай болоору сүйлөшүлдү.

Ошондой эле жолугушууда Сирияда тынчтык үчүн диалогго басым жасалып, АКШнын чыгып кетишинен кийин Сирияда калган актер өлкөлөрдүн позициялары кандай боло турганы тууралуу пикир алмашылды. 



Тектеш кабарлар