Мадуро, АКШны өзүн өлтүрүү буйругун бергени менен айыптады

Николас Мадуро, маегинде, Дональд Трамптын Колумбия өкмөтү менен мафияга, «Мадурону өлтүргүлө» деген буйрук бергенин айтты.

1136005
Мадуро, АКШны өзүн өлтүрүү буйругун бергени менен айыптады

Николас Мадуро, орус кабар агенттигине берген маегинде, эл аралык  ортомчулулардын катышуусу менен Венесуэланын келечеги жана тынчтыгы үчүн оппозиция менен сүйлөшүүгө барууга даяр экенин билдирди. Ал ошол эле учурда, мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүнү колдошу мүмкүн экенин айтты. Бирок, президенттик шайлоо өз учурунда өтөт деди. Мадуронун айтымында, өлкө президентин шайлоо, 2025-жылы өтүшү мүмкүн.

Николас Мадуро, маегинде, Дональд Трамптын Колумбия өкмөтү менен мафияга, «Мадурону өлтүргүлө» деген буйрук бергенин айтты.

АКШ Венесуэлада төңкөрүш жасоого белсенди. Бирок ийгиликке жетишкен жок. Эми, Венесуэлага аскердик жактан кийлигигишүү аракетин көрүүдө. Бирок Вашингтондун бул аракетине, Евробиримдик, Канада жана Латын Америка өлкөлөрү каршы экенин билдиришти.

Венесуэланын президенти Николас Мадуро болсо, «Коркутууларга эч качан моюн сунбайбыз. АКШ, биздин жерибизге басып кирүүнү эч качан ойлонбосун»,-деди.



Тектеш кабарлар