Пакистан Мезар - Шерифтеги консулдугун жапты

Пакистан Афганстандын Мезар  - ы Шериф шаарындагы консулдугун коопсуздук санаалардан улам жапкандыгын жарыялады.

1134528
Пакистан Мезар  -  Шерифтеги  консулдугун жапты

Пакистан Афганстандын Мезар  - ы Шериф шаарындагы консулдугун коопсуздук санаалардан улам жапкандыгын жарыялады.

Пакистандын тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда афган бир аял сумкасындагы бомба менен консулдукка кирип бара жатып кармалды.

Маалыматта Афганстандын тышкы иштер министрлигинен кошумча коргоо талап кылынгандыгы жана кармалган аял тууралуу иликтөөнүн элчилик менен бөлүшүүнүн талап кылынгандыгы билдирилди.

Консулдуктун кошумча коопсуздук чараларын көргөнгө чейин жабык болору белгиленген маалыматта Пакситандын Кабул элчилигинин өлкөдөгү бардык консулдуктары үчүн кошумча коопсуздук чарасынын талап кылынгандыгы билдирилди.

Консулдукта афган күчтөрү үчүн өткөрүлгөн бир сынак улантылып жаткан учурда чыккан окуя тууралуу Афганстан тарабынан азырынча бир маалымат бериле элек.

Мезар  - ы Шериф консулдугу өлкөдөгү эң көп Пакистан миссиясы болгон жер. Консулдукта күн сайын жүздөгөн виза кайрылуу болот.

 



Тектеш кабарлар