Судандын мамлекет башчысы менен Катар эмири жолугушту

Судандын мамлекет башчысы Өмер ел  -  Бешир Доха сапарынын негизинде  Катардын эмири Шейх Темим бин Хамед Ал Сани менен жолугушту.

1132228
Судандын мамлекет башчысы менен Катар эмири жолугушту

Судандын мамлекет башчысы Өмер ел  -  Бешир Доха сапарынын негизинде  Катардын эмири Шейх Темим бин Хамед Ал Сани менен жолугушту.

Катар расмий агенттиги КУНАда орун алган кабарга караганда Судан мамлекет башчысы Бешир бир айдан ашуун убакыттан бери өлкөсүндө  болуп жаткан митингдерден кийин биринчи жолу чыккан өлкө тышы сапарынын негизинде барган Дохада Катар Эмири Шейх Темим менен жолугушту.

Судандагы абалдар каралган жолугушууда Бешир өлкөсү дуушар болгон кыйынчылыктар менен күн тартибиндеги темалар тууралуу маалымат берди. Жолугушууда айрыкча  эки өлкөнүн ортосундагы карым  - катнаштардын өнүктүрүлүшү, эл аралык жана аймактык окуялар менен бирге Дарфурдагы тынчтык процессиндеги жаңылыктар каралып чыкты.

Катардын эмири Шейх Темим өлкөсүнүн Судандагы ырааттуулуктун түзүлүшү тууралуу өзгөрбөс мамилесин баса белгиледи.

Судандын мамлекет башчысы Бешир начарлаган турмуш шарттары жана экономикалык кризиске каршы чыгуу үчүн 19 -  декабрдан бери өлкөсүндө өткөрүлгөн митингдерден кийин биринчи расмий сапарын аткарды. Беширдин Катар сапарынын мөөнөтүнө байланыштуу маалымат берилген жок.



Тектеш кабарлар