Орусия жана НАТО элчилеринин жыйыны

АКШнын Орусияга келишимге байланыштуу милдеттерин орундатуусу үчүн берген мөөнөт  2 -  февралда толот.

1130720
Орусия жана НАТО элчилеринин жыйыны

Орусия жана НАТОго мүчө өлкөлөрдүн элчилери жума күнү Бельгиянын борбор шаары Брюсселде жыйын өткөрүшөт.

НАТО жетекчилеринен алынган маалыматка караганда НАТО – Орусия Кеңеши Орусия менен саясий диалогдун улантылышы үчүн чогулат. Жыйын өткөрүлө турган күн Москва башкаруусу менен өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдөн кийин белгиленди. Жыйындын АКШнын Орусияга Орточо аралыктуу атомдук күчтөр келишиминен жаралган милдеттерин орундатуу үчүн берген 60 күндүк мөөнөттүн толушуна жакын болушу көңүлдөрдү бурду.

АКШнын Орусияга келишимге байланыштуу милдеттерин орундатуусу үчүн берген мөөнөт  2 -  февралда толот.

2002 -  жылы курулган НАТО – Орусия Кеңешинин механизми тараптардын орток коопсуздук темаларда пикир алышуу жана кызматташуу түзүшү үчүн мүмкүнчүлүк түзүүдө. Бирок Орусиянын 2014 -  жылы Крымды басып алышынан кийин НАТО – Орусия Кеңеши бир гана тараптардын ортосундагы байланыш каналдарын ачык кармоону максат кылууда.

Элчилер деңгээлинде чогулган кеңеш кызматташуу мүмкүнчүлүгүн жандуу кармабай жатат.



Тектеш кабарлар