Түштүк Корея Трамп менен Кимдин жолугушуусун каалайт

Бул тууралуу Түшүтүк Кореянын өкмөт катчысы Ким Еуи-Кеум маалымат бөлүштү.

1129189
Түштүк Корея Трамп менен Кимдин жолугушуусун каалайт

Түшүтүк Кореянын өкмөт катчысы Ким Еуи-Кеум, АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын ортосунда боло турган экинчи саммитти ыраазычылык менен кабыл алгандарын жарыялады.

Ким Еуи-Кеум, саммиттин «Корея жарым аралында туруктуу тынчтыкты камсыздоо үчүн бекем пайдубал түптөө жагынан бурулуш жер» боло тугганын белгилеп, Түштүк Кореянын АКШ жана Түндүк Корея менен бирге Корея жарым аралынын «толугу менен ядролук куралдан тазаланышы» жана «туруктуу тынчтык» үчүн иштей турганын айтты.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс: «Түндүк Кореянын так жана толук түрдө тактала элек түрдө ядролук куралдардан тазаланышы темасында жылышка жетишүүгө аракет кылуудабыз жана Президент, белгилене турган бир жер жана убакытта Түндүк Кореянын лидери Ким менен экинчи саммитте кайра жолугушуусун абдан күтүүдөбүз»,түрүндөгү билдирүүсүн жарыялаган.



Тектеш кабарлар