Бул жылы да Сирия менен Иракта Франциянын аскерлери болот
Франциянын президенти Еммануэль Макрон Сирия менен Иракта бул жылы да аскерлеринин болорун билдирди.
1128452
Франциянын президенти Еммануэль Макрон Сирия менен Иракта бул жылы да аскерлеринин болорун билдирди. Макрон Тулуза шаарындагы аба базасында аскерлерге кайрылып сүйлөгөн сөзүндө Сирия тууралуу маалыматтарды берди. АКШнын Сириядан чыгышы өздөрүн ДЕАШ террордук уюм менен күрөшүүдөн алыстатпашы керектигин белгилеген Макрон : «Франция 2019 - жылы да аскерлеринин Левант аймагында болушун улантат»,- деди. Макрон өзгөчө социалдык медиа эсебинен берген маалыматта ЙПГ/ПКК террордук уюмунун кол астындагы Манбижде АКШ аскерлери күзөттө турган кезде жасаган бомбалуу кол салууну айыптады.
Тектеш кабарлар
Чадда чоң жарылуу болду
Энцемин аэропортуна жакын жердеги Гонджи аймагындагы аскердик ок-дары сакталган кампада өрт чыкты.