Грециянын Коргоо министрлигине башкы штаб төрагасы дайындалды

Грециянын башкы штаб төрагасы Евангелес Апостолакис, коргоо министрлиги кызматын баштоосунун себебинен Коргоо министрлигинде азем өткөрүлдү.

1126612
Грециянын Коргоо министрлигине башкы штаб төрагасы дайындалды

Грециянын башкы штаб төрагасы Евангелес Апостолакис, коргоо министрлиги кызматын Панос Камменостон өткөрүп алды.

Апостолакистин кызматка баштоосунун себебинен Коргоо министрлигинде азем өткөрүлдү.

2015-жылдан бери Башкы штаб төрагасы болгон Апостолакис, бул жердеги сөзүндө: «Кагылышуу жолу же кызматташуу жолу да бар. Качан гана кызматташтык ишке ашса анда өнүгүү болду. Муну коңшуларыбызга эскертким келет. Бирок качан гана улутчулдук көрүнө баштаса анда элдер кыйынчылык тартышты»,-деп айтты.

Апостолакис, мурдагы күнкү кечте Президенттикте уюштурулган жана премьер-министр Алексис Ципрас да катышкан азем менен диний ант берип расмий түрдө министрлик кызматын баштаган.

Апостолакистин ордуна  башкы штабдын төрага орун басары, генерал полковник Константинос Флорос дайындалды.

Бир тараптан алгач ирет бир коргоо министринин кызмат тапшыруу-өткөрүп алуу аземи үчүн эки Мираж-2000 учагы учту.

Грек басма сөзү согуштук учактардын азем үчүн учуусун мурдагы министр Камменостун «кыр көрсөтүүсү» катары мүнөздөдү.

Камменос, Македония менен «ысым келишиминин» себебинен кызматташтыкты уланта албай тургандарын белгилеп, партиясынын коалициялык өкмөттөн чыга турганын жарыялаган жана коргоо министрлиги кызматын таштаган.



Тектеш кабарлар