Орусиядан Түркия тууралуу маалымат

Сергей Рябков өлкөсүнүн Түркия менен болгон кризистин бардык кыйынчылыктарын ашып өткөндүгүн айтты.

1122848
Орусиядан Түркия тууралуу маалымат

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков өлкөсүнүн Түркия менен болгон кризистин бардык кыйынчылыктарын ашып өткөндүгүн айты.

Риа кабар агенттигинин билдиргенине караганда Рябков Индияда катышкан бир форумда сүйлөгөн сөзүндө Орусия  - Түркия карым  - катнаштарына орун берди.

Эки өлкөнүн ортосунда өткөн күндөрдө болгон кризис жана жыйынтыктарынын бүгүнкү карым  - катнаштарга таасир бербегендигин айткан Рябков : «Бардык кыйынчылыктарды өткөрдүк. Тарыхыбызда абдан кыйын беттер бар. Иран менен болгондой. Бирок азыркы учурда алдыбызда позитивдүү бир күн тартиби бар»,- деди.

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Түркия менен экономика, энергетика тармактарында жана Кара деңизде кызматташтык ичинде экендерин да эске салды.



Тектеш кабарлар