Габондо козголоңчулардын кыймылы башталды

Батыш Африка өлкөсү Габондо дүйшөмбү күнү козголоң кыймылын ишке ашырган  аскерлерден кармалгандардын тергөөсү башталды.

1122095
Габондо козголоңчулардын кыймылы башталды

 

Батыш Африка өлкөсү Габондо дүйшөмбү күнү козголоң кыймылын ишке ашырган  аскерлерден кармалгандардын тергөөсү башталды.

Габон өкмөтүнүн катчысы, байланыш министри Гуй  - Бертран Мапангоу журналисттерге берген маалыматта Улуттук радиону басып алып билдирүү окуган аскерлерден экөөсүнүн чыккан кагылышууда өлтүрүлгөндүгүн, жетөөсүнүн камоого алынгандыгын белгиледи.

Мапангоу камоого алынган аскерлердин тергөөсүнүн башталгандыгын, сокку кыймылынын кичинекей бир топтун кыймылыбы же тыштан колдоого алынган кыймылбы жакында билинерин айтты.

Өлкөдө интертен жана социалдык медиага кирүү бөгөттөрү жоюлуп, борбор шаар Либревелледе турмушка калыбына келди.

Азыр да Марокконун борбор шаары Рабаттагы Габондун президенти Али Бонго маселе тууралуу азырынча маалымат бербестен, кээ бир Африка өлкөлөрүнүн лидерлери Габондогу козголоң кыймылын айыптады. Габондо дүйшөмбү күнү эрте мененки сааттарда Улуттук радиону басып алган бир группа аскер маалымат берип башкарууну колго алгандарын жарыялаган.



Тектеш кабарлар