Орусиянын президенти В. Путиндин жылдык жыйыны

Орусиянын президенти В. Путин салтка айландырган жылдык пресс  - жыйынында 2018 -  жылга баа берди.

1111210
Орусиянын президенти В. Путиндин жылдык жыйыны

Орусиянын президенти В. Путин салтка айландырган жылдык пресс  - жыйынында 2018 -  жылга баа берди.

Путиндин 2001-  жылдан бери өткөрүп келген жылдык пресс  - жыйынына бул жылы рекорддук санга жеткен журналист катышты. Биринчиси  2001 -  жылы өткөрүлгөн жыйынга 500 журналист катышкан, өткөн жылы 1640, бул жылы болсо 1702 журналист катышты.

В. Путин 3 саат 40 минутага жакын созулган жыйында 66 суроого жооп берип, эң узун убакытка созулган пресс  - жыйынын жалпы 4 саат 40 минута берилген суроолорго жооп берген 2008 -  жылы  өткөргөн.

Ушундайча орус лидер 2001 – 2018 – жылдары өткөргөн пресс  - жыйындарында жалпы 45 сааттан ичинде 859 суроого жооп берди. Ошол эле учурда модераторлугун аткарган Кремлдин катчысы Дмитрий Песков жыйындын «толуугу менен уюштурулган» иш чара болбогондугун жактаса да Кремлдин басма сөз борбору Путинге суроо суроону пландаган журналисттердин сурай турган суроолорун жыйындан мурда көрүүнү талап кылды.

Көп сандаган чет элдик турист катышкан жыйында алдыңкылык эң көп жергиликтүү журналисттерге берилди. Орусияда бул жылы эң көп белгилүү болгон иш чаралардын бирөөсү катары көрсөтүлгөн жыйын Россия  - 1, Россия  - 24, Канал  - 1 жана НТВ сыяктуу негизги каналдардын баарында берилди.

Москадагы Эл аралык конгресс борборунда өткөн жыйын жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:00дө башталып, жыйынга катыша турган журналисттер кату коопсуздук чаралар менен саат 08:00дөн баштап залга келе баштады.

Бул жылы А 3 форматында дагы чоң плакаттарды алып келбөө үчүн расмий талап билдирилгенине карабастан салтк атары катышуучулар Путиндин көңүлүн буруу үчүн плакаттар жана жумшак оюнчуктар менен жүрүштү. Путин экономикада болуп жаткан маселелер, акыркы эки пресс  - жыйынында болгондой ички маселелерге дагы көп көңүл буруп, иш чаранын кенендиги жана убактысына кңүл бурулганда  Орусияга таасирин тийгизген көп сандаган эл аралык темаларды карап чыкты.

Орусиянын президентине абдан көп суроо берилди. Путин Сирия кризисинен, сан ариптик экономикага, нефть базарларынан Чеченстандагы дзюдо залына чейин ондогон суроого жооп берди.

 



Тектеш кабарлар