АКШнын коргоо министри Жеймс Маттис кызматынан кетет

Трамп : «Жаңы коргонуу министри кыска убакыттын ичинде жарыяланат. Кылган кызматы үчүн Маттиске рахмат айтам»,- деди.

1111205
АКШнын коргоо министри Жеймс Маттис кызматынан кетет

 АКШнын президенти Дональд Трамп коргоо министри Жеймс Маттистин февраль айынын акырында кызматын таштап пенсияга чыгарын билдирди. Дональд Трамп маалыматты твиттер аркылуу билдирди. Трамп : «Генерал Маттис өткөн 2 жылда башкаруумда коргоо министри катары кызмат кылгандан кийин февраль айынын акырында пенсияга чыгат. Анын мезгилинде өзгөчө жаңы аскердик каражаттар алынды  жана алдыга жылуулар болду»,- деди.

Трамп : «Жаңы коргонуу министри кыска убакыттын ичинде жарыяланат. Кылган кызматы үчүн Маттиске рахмат айтам»,- деди.

Министр Маттис болсо катында кызматын «пикир айырмачылыгынан улам» таштагандыгын белгиледи. Маттис өзүнө бул мүмкүнчүлүктү бергени үчүн Трампка рахмат айтты жана аткарган кызматынан улам сыймыктангандыгын билдирди.

АКШнын негизги күчүнүн союздаштары менен болгон карым  - катнашы жана өнөктөштөрүнө таянышынан чыккандыгын белгилеген Маттис АКШнын союздаштарына сый көрсөтпөстөн өз кызыкчылыктарын сактап кала албай тургандыгын белгиледи.

АКШнын  эл аралык аренадагы позицисына байланыштуу көз караштарынын Трамп менен бирдей эмес экендигин билдирген Маттис кызматтан кетишин Трампка кайрылуу менен буларды айтты : «Сиздин бул темаларда өз ойлоруңузга дагы жакын бир министр менен иштөө укугуңуздун болушунан улам менин кызматтан кетишимин туура болоруна ишенем».

2019 -  жылы 28 -  февралда кызмат мөөнөтү акырына чыгарын белгилеген Маттис жаңы министр белгиленгенге чейин өтккөл процессте колунан келген бардык жеңилдикти көрсөтөрүн да сөздөрүнө кошту.

Трамптын мурунку күнү билдирген Сириядан чыгуу чечиминен кийин Маттистин бул абалдан тынчсыздангандыгы, ал түгүл арызын берүүгө даярдангандыгы айтылууда.



Тектеш кабарлар