АКШ Орусияны Орто аралыкка учуучу ядролук күчтөр келишимин бузганы менен күнөөлөдү

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео, Орусияга Орто аралыкка учуучу ядролук күчтөр келишиминен (INF) келип чыккан милдеттерин орундатышы үчүн 60 күндүк мөөнөт бергендерин билдирди.

1100668
АКШ Орусияны Орто аралыкка учуучу ядролук күчтөр келишимин бузганы менен күнөөлөдү

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео, Орусияга Орто аралыкка учуучу ядролук күчтөр келишиминен (INF) келип чыккан милдеттерин орундатышы үчүн 60 күндүк мөөнөт бергендерин билдирип, «АКШ үчүн келишимде калуу түшүнүгү калган жок»,-деди.

Бельгиянын борбор калаасы Брюсселдеги НАТОнун Тышкы иштер министрлеринин жыйналышынын алгачкы күнкү отурумдарынан кийин маалымат жыйын өткөргөн Помпео, Орусиянын Орто аралыкка учуучу ядролук күчтөр келишиминен (INF) келип чыккан милдеттерин орундатууларын сөз кылып, буга каршылык көрсөтүү керектигин айтты.

Помпео: «Орусия келишимди бузса дагы мүмкүн болушунча сабырдуу мамиле жасадык жана милдеттерин орундатуусу темасында көндүрүүгө аракет кылдык»,-деп айтты.

Москва башкаруучулугунун көп сандаган орто аралыкка учуучу «SSC-8» ракетасын өнөктүргөнүн жана Орто аралыкка учуучу ядролук күчтөр келишимин (INF) «кескин түрдө» бузганын белгилеген Помпео: «Орусия куралдардын текшерилиши милдетин бузууда, жаңы ракеталарынын учуу аралыгы Европага түздөн-түз коркунуч»,деген серебин салды.

Помпео: «Орусиянын кадамдары АКШнын жана шериктештердин коопсуздугун олуттуу түрдө коркунучка салууда. Орусиянын бузууларынын себебинен АКШ үчүн келишимде калуунун түшүнүгү калган жок»,-деп айтты.

Помпео, Орусиянын келишимге баш ийиши үчүн 60 күнү бар экени менен эскертип, НАТО шериктештеринин бардыгынын бул темада бирдиктүү экенин айтты.

Бул 60 күндүн ичинде АКШнын келилишимдин алкагында эч бир ракета системасын жасап чыгарбай турганын, сынабай турганын жана жайгаштырбай турганын билдирген Помпео, келишимден чыгуу үчүн 6 айлык эскертүү мөөнөтүнүн 60 күндөн кийин баштала турганын маалымдады.

Помпео, Москва бийлигин «мыйзамсыз кыймыл кылганы» менен күнөөлөп, Орусия чыгарган жана келишимди бузганы белгиленген ракета системасынын болгонун 2017-жылдын ноябрь айына чейин кабыл алынбаганын айтты.

АКШнын өз коопсуздугун коркунучка салган кандайдыр бир эл аралык келишимди колдобой турганына басым жасаган Помпео: «Орусиянын пикирин өзгөртүп ракета системасынын ыраазычылык менен кабыл алабыз. 60 күндүн ичинде ушундай мүмкүнчүлүктөрү бар»,-деп айтты.

Помпео: «Келишимде эки тарап бар, бирок бирөө гана баш ийүүдө. Буга келишим деп айтылбайт»,-деп айтып, Орусиянын «мыйзамсыз» саясаттарынын, шериктештер жана АКШ тарабынан «кечирилбей турганы» эскертүүсүн кылды.

АКШнын президенти Дональд Трамп, өткөн айдагы жарыясында Орто аралыкка учуучу ядролук күчтөр келишимен (INF) чыгуу чечимин чыгаргандарын жарыялаган.

Трамп, Орусиянын көп жылдар бою тыюу салынган куралдарды чыгарганын жана кармап турганын, ушундайча келишимди бузганын жактаган.

Улуттук коопсуздук кеңешчиси Майкл Болтон, Москвага барып Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путинге АКШнын келишимден чыгуу чечимин билдирген.

Эки өлкөнүн ортосунда 1987-жылы ал убактын АКШ президенти Рональд Рейган жана Советтер Союзунун мамлекет башчысы Михаил Горбачев тарабынан кол коюлган келишим, ядролук дүрмөт ташуу көлөмү болгон орто аралыкка учуучу ракеталардын чыгарылышы жана жайгаштырылышына эки тараптуу тыюу салат.

Келишим Советтер Союзунун таркашынан кийин дагы улантылды.

Бул келишим менен эки тарап 500дөн 5 миң чакырымга чейин уча ала турган 2500 ракетаны жоюуга аргасыз болушкан.



Тектеш кабарлар