Орусиянын президенти В Путин Мухаммед бин Селман менен жолугушат
Орусиянын президенти В. Путиндин Мухаммед бин Селман менен журналист Жемал Кашыкчы кылмышы тууралуу сүйлөшөрү билдирилди.
Орусиянын президенти В. Путиндин Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитинде Сауд Арабиянын мураскер принци Мухаммед бин Селман менен журналист Жемал Кашыкчы кылмышы тууралуу сүйлөшөрү билдирилди.
Кремлдин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Юрий Ушаков Владимир Путиндин Аргентинадагы Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитинде Сауд Арабиянын мураскер принци Мухаммед бин Селман менен журналист Жемал Кашыкчы кылмышын сүйлөшөрүн билдирди. Ушаков саммитте Путиндин принц Бин Селман менен өткөрө турган жолугушууда 2 – октябрда Сауд Арабиянын Стамбулдагы консулдугунда өлтүрүлгөн саудиялык журналист Жемал Кашыкчы маселесине токтолуп же токтолбой тургандыгына байланыштуу суроого : «Бул тууралуу албетте сүйлөшүшөт»,- деп жооп берди. Путин менен мураскер принц Селмандын эл аралык актуалдуу темаларды сүйлөшөрүн белгилеген Ушаков Йемен, Сирия жана Сирия Конституция Комитетинин иштерин баштоонун да жолугушууда караларын билдирди.
Тектеш кабарлар
![Чадда чоң жарылуу болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/adb7/88ea/456a/66727c7dbb986.jpg?time=1718802961)
Чадда чоң жарылуу болду
Энцемин аэропортуна жакын жердеги Гонджи аймагындагы аскердик ок-дары сакталган кампада өрт чыкты.