НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг Украинанын жеринин бүтүндүгүн колдошкондорун билдирди

Йенс Столтенберг Орусия менен Украинанын ортосунда болгон абалдын абдан «олуттуу» экендигине көңүлдөрдү бурду.

1095877
НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг Украинанын жеринин бүтүндүгүн колдошкондорун билдирди

НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг биримдиктин Украинанын жеринин бүтүндүгү менен эгемендигин колдогондугун билдирди. Столтенберг Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги НАТО – Украина комиссиясынын кезектеги жыйынынан кийин өткөргөн пресс- жыйынында : «НАТО бардык мүчөлөрү менен Украинанын жеринин бүтүндүгү жана эгемендигин колдоп жатат. Конфискацияланган Украинага таандык кемелерди эртерээк эркин койо бериши үчүн Орусияга чакыруу салдык»,- деди.

Орусия менен Украинанын ортосунда болгон абалдын абдан «олуттуу» экендигине көңүлдөрдү бурган Столтенберг : «Украина кемелерине карата аскердик күч колдонуунун мыйзамдуу билдирүүсү жок»,- деди.

25 -ноябрда Азов деңизинде Орусиянын аскердик кемелери менен Украинанын аскердик кемелеринин бетме- бет келгендиги белгиленип, Украинага таандык аскердик кемелер Орусиянын жээк сууларына кирди деген негиз менен Украина аскердик кемелерине ок аткан.



Тектеш кабарлар