Ооганстанда Талибандын кол салуулары тыйыла элек

Талибан террористтеринин полиция конвоюна карай кол салуусунда 18 полиция кызматкери каза тапты.

1095301
Ооганстанда Талибандын кол салуулары тыйыла элек

Ооганстандын Фарах провинциясында Талибан террористтеринин полиция конвоюна карай кол салуусунда 18 полиция кызматкери каза тапты.

Фарах провинциясынын кеңешчилик милдетин аткаруучу Дадуллах Кани, террористтердин Фарахтын борборунан Лаш Жавин районуна кеткен полиция конвоюна тузак салганын айтты.

Кол салууда 18 полиция кызматкери каза болгонун айткан Кани, каза тапкандардын арасында Лаш Жавин районунун коопсуздук боюнча директору Мухаммед Икбалдын да болгонун маалымдады.

Талибандын билдирүүсүндө болсо кол салууда 25 полициянын каза тапканы айтылды.

 


Этикеткалар: #Талибан

Тектеш кабарлар