Иракта катуу жамгыр жаашы менен бирге сел жүрдү

Селде каза болгондордун саны 9га жетип, 22 киши жараланды.

1094074
Иракта катуу жамгыр жаашы менен бирге сел жүрдү

Ирактын түндүк аймактарында катуу жааган жамгырдан кийин болгон селде каза болгондордун саны 9га жетип, 22 киши жараланды.

Өлкөнүн түндүгүндөгү Салахаддин, Мусул жана Керкүктө катуу жааган жамгыр аймак калкына тескери таасир тийгизди.

Ирак саламаттык сактоо министрлигинин катчысы Сейд   ел  -  Бедр жарыялаган жазуу түрүндөгү маалыматта Салахаддин облусунда 5, Зи Карда 2, Басрада 1 жана Васит облусунда да 1 кишинин каза болгондугун белгиледи. Селден улам 22 кишинин да жаралангандыгы билдирилди.

Шыргат районунун акими Али Дудих андан мурда берген маалыматында Салахаддин облусунун Шыргат районунда селдин чоң зыянчылыкка себеп болгондугун, 7 кишинин каза болгондугун алардын ичинен бешөөсүнүн бала экендигин, алгачкы аныктоолорго караганда 300 үйдүн оор зыян тарткандыгын билдирген.

Ирак премьер  - министри Адил Абдүлмехди селден кийин берген жазуу түрүндөгү маалыматында сел жүргөн Шыргат, Салахаддин жана Мусул аймагындагы абалдарды жакындан иликтешкендерин билдирди.

Абдулмехди аймакка ылдамдык менен жардам жеткирүү, чыгымдардын такталышы жана элдин коопсуздугун түзүү жана ыктымалдуу жамгыр жаашына карата маселени чечүү кеңешинин курулгандыгын белгиледи.



Тектеш кабарлар