Индонезияда жер көчкү болду

Жер көчкүдө 7 киши каза тапты.

1085684
Индонезияда жер көчкү болду

 Индонезиянын Суматра аралында катуу жааган жамгыр себеп болгон жер күчкүдө 7 киши каза болду.

Улуттук апаатты башкаруу агенттигинин катчысы Сутопо Пурво Нугрохо Түндүк Суматра аймагына караштуу Сукамажу айылында ичинде 7 киши болгон үйдүн катуу жамгыр жаашы менен болгон жер көчкүдө жер астында калгандыгын билдирди.

Жер көчкүдө үйдөгү 7 киши каза болуп, изилдөө куткаруу топторунун сөөктөрдү жер астынан чыгаруу иштери улантылууда.

Бир тараптан жетекчилер токтобостон жаап  жаткан жамгырдан улам жер көчкү ыктымалына карата аймакта жашагандардын коопсуз аймактарга жайгаштырылгандыгын билдирди.

Муссон жамгырларынын таасири астындагы жана тропикалык климат болуп жаткан Индонезияда ашыкча жамгыр жаашы менен бат - бат суу басып жана жер көчкүлөр болууда.



Тектеш кабарлар